«Инвестициялык климат: экономикалык талдоонун жыйынтыгы» деген темадагы "тегерек үстөл" инвестициялык мыйзам жоболорун эл аралык ченемдерге ылайык өркүндөтүү максатында уюштурулууда. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын ЮСАИД уюмунун колдоосу менен өтөт. Бүгүн Park Hotel комплексинде боло турган талкууга өкмөт өкүлдөрү, депутаттар жана ишкерлер чакырылган.
Буга чейин парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын демилгеси менен инвестициялык кодекс иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамында бир катар мекемелер бар.
Кыргызстанда инвестициянын көлөмү азайганын өткөн айда мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирген болчу. Мисалы, курулуш тармагына салынган каражаттын көлөмү соңку жылы 3-5 эсе төмөндөгөн. (SE)