Бишкектен Баткенге баратып жол кырсыгында каза тапкан тажикстандык төрт кишинин сөөгү бүгүн жакындарына берилет. Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен билдиришти.
11-май күнү Жалал-Абад облусунун аймагында кырсыкта тажикстандык жүргүнчүлөр менен кошо айдоочу да көз жумган. Маркумдардын сөөгүн алып кетүү үчүн жакындары келди, чек арадан өткөрүү жана атайын унаа уюштуруу иштерине Баткен облусунун жергиликтүү бийлиги жардамдашты. (JsA)