Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Орусияда кыргыздар эл аралык волейбол мелдешин уюштурду


Мелдештин эсеп монитору
Мелдештин эсеп монитору

Орусияда кыргыздардын демилгеси менен волейбол боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду. 11-май күнү Хабаровск шаарында Кыргызстандын Ардактуу консулунун кубогу жана аймак өкмөтүнүн сыйлыгы үчүн волейбол турнири өттү. Анда калаада иштеп жана жашап жаткан чет элдиктер мелдешти. Иш-чараны Кыргызстандын консулдугу жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Жеңиштин 70 жылдыгына карата уюштурган.

Ыраакы Чыгыштагы консулдуктан билдиришкендей, мелдешке Хабаровск аймактык курамасы, Хабаровск шаарынын курамасы, Кыргызстан, Беларус, Тажикстан, Өзбекстан, Кытай мамлекеттеринин жарандары катышты.

Оюндардын жыйынтыгы боюнча биринчи орунга калаанын курама командасы ээ болду. Экинчи орунду беларустар, үчүнчү орунду кыргызстандыктар алды. (ECh)

XS
SM
MD
LG