Таластагы Жерүй кенин иштетүү укугун утуп алган орусиялык “Восток-геолдобыча” компаниясы Кыргызстанга алгачкы 10 миллион долларды которду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Геология жана минералдык ресурстар агенттигинен кабарлашты. Аталган компания 100 миллион долларга кенди иштетүү укугун быйыл 4-майда утуп алган. Келишим боюнча каражаттын 10 пайызын бир жума аралыгында, калганын бир ай ичинде төлөшү керек.
Жерүй Кыргызстандагы Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда 84 тонна алтын бар экени маалым. (SE)