Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Йеменде гуманитардык элдешүү келишими күчүнө кирди


Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы Сауд Арабиясы башында турган коалиция мамлекетте беш күндүк гуманитардык элдешүү келишими күчүнө киргенин билдирди. Келишимден бир нече саат мурун Йеменге абадан кезектеги сокку урулган болчу. Аскерий коалициянын өкүлү Ахмед Ассери билдиргендей, козголоңчулар элдешүүнүн алгачкы мүнөттөрүнө чейин ок атууну улантып турду.

Расмий Эр-Рияд хуситтер эки тараптуу эрежени бузбаган учурда гана тынчтык келишими сакталарын билдирди. Ушундай эле талапты козголоңчулар да айтты. (SE)

XS
SM
MD
LG