Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:27

Укук коргоочу депутаттардан отчет талап кылууда


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн 13-майда Ак үйдүн алдына чыгып, депутаттардын беш жыл ичинде жасаган иши туурасында отчет берүүсүн талап кылууда. Анын айтымында, Жогорку Кеңештеги ар бир фракциянын депутаттары иш мөөнөтү соңуна чыгып бараткан соң, беш жыл ичинде эл үчүн, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн кандай иш-аракеттерди жасаганы туурасында Коомдук телеканалдын эфиринен отчет бериши керек.

Укук коргоочу айрым депутаттар тарабынан келе жаткан шайлоого карата эмитен эле үгүт, акча таратуу аракеттери боло баштаганын белгилеп, куру убадалар менен элдин башын айлантпоого чакырууда.(AzK)

XS
SM
MD
LG