Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:29

Коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү уюмунда чыр чыкты


Бул туурасында “Азаттыкка” аталган уюмдун башкармалыгынын мүчөсү Ишенбек Осмонов билдирди. Анын айтымында, бул уюм түзүлгөн 2011-жылдан тарта 2000 кишиге күбөлүк берген. Башта күбөлүк 300 сомдон сатылса, азыр анын баасы 6000 сомго чейин чыккан. Осмонов күбөлүк берүү бизнеске айланганын, ал күбөлүк менен уюмдун мүчөлөрү ишкерлерди, МАИ кызматкерлерин текшерип, коркутуп-үркүтүүгө чейин барып жатышканын белгилейт.

Уюмду Кубан Шаршенбаев жетектейт. Бирок андан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

Коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү уюму 2011-жылы түзүлгөн. Ал УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы, Башкы прокуратура жана өкмөт менен түзүлгөн меморандумдун негизинде иш алып барып келет. (AzK)

XS
SM
MD
LG