АКШ Мамкатчысы Жон Керри мындай билдирүүнү 12-майда кечинде Сочиде президент Владимир Путин менен кездешүүдөн соң кабарчылар алдында жасады:
"Мен Минск келишими, биздин ишенимибизде, тынчтыкка алып барчу бирден бир жол деген Американын пикирин кайра эске салдым. Бул келишим кынтыксыз аткарылышы керек. Канчалык тез болсо, ошончо жакшы”.
Сочидеги бул брифингге Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров да катышты.