Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Элзат Кыдырмышеванын “Азаттыкка” билдиришинче, 20-майдан тарта Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктөр мөөнөтү көрсөтүлүп, 10 жылга чейин гана бериле баштайт. Буга байланыштуу өкмөттүн токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.
Мамлекеттик каттоо кызматы мындай демилгенин себебин жарандардан түшкөн кайрылууларга байланыштырып жатат. Анткени Кыргызстанда мөөнөтү жок берилчү айдоочулук күбөлүктөр башка өлкөлөрдө күчүн жоготуп, Вена конвенциясына туура келбей жатат.
Эми жарандар мурдагы мөөнөтсүз күбөлүгүн алмаштыргысы келсе, тийиштүү органдарга арыз менен кайрылып, мөөнөтү чектелген күбөлүктү эч кандай теориялык жана практикалык экзамени жок алышат. Жаңы күбөлүктүн баасы орточо 500-600 сомду түзөт. (AzK)