Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

БУУ йемендиктерди тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүгө чакырды


Таиз шаары Сауди башындагы коалициянын абадан соккусунан кийин. Йемен, 17-апрель 2015
Таиз шаары Сауди башындагы коалициянын абадан соккусунан кийин. Йемен, 17-апрель 2015

БУУнун Коопсуздук кеңеши башкатчы Пан Ги Мунду Йемен боюнча тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүгө чакырып, бардык тараптарды Йемендеги беш күндүк гуманитардык тыныгууну сактоого үндөдү. "Сүйлөшүүнү йемендиктер жетектеп, ага өлкөдөгү бардык күчтөр катышуусу абзел" деп айтылат Кеңеш 12-майда жасаган билдирүүдө.

Азырынча тынчтык сүйлөшүүсү качан жана кайда өтөрү белгисиз. Бирок Коопсуздук кеңеши Йемен боюнча 17-майда эр-Риядда болчу конференцияны колдоду. Беш күндүк тыныгуу 12-майда түнкү саат 11де күчүнө кирген. Ал арада жүз миңдеген бозгундарга гумжардам жеткирилет.

БУУнун жаңы чабарманы Ысмайыл Улд Шейх Ахмед кечээтен бери Йеменде жүрөт.

XS
SM
MD
LG