Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

ЕАЭБге мүчө өлкөлөр аймагында бир ай каттоосу жок жүрүүгө мүмкүн


Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирген соң өлкө жарандары биримдиктин ичиндеги башка өлкөлөрдүн аймагында бир ай бою каттоосу жок жүрө алат. Бул туурасында Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди. Буга чейин бул мөөнөт 7 күн болсо, биримдикке кирген соң ал 30 күнгө чейин узарат. Бул убакыт ичинде кыргызстандыктар миграциялык каттоого турбай эле койсо болот.

Эгер жарандар дагы узагыраак убакыт ал өлкөлөрдө кармала турган болсо, анда эмгек келишимин түзүшү зарыл. Эмгек келишими бузулган учурда жарандарга башка жумуш табуу үчүн 15 күн убакыт берилет.

Бүгүн Бишкекте уюштурулган Евразия экономикалык биримдиги жана бизнес боюнча форумда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алексей Чепа Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча протоколдорду ратификациялоо маселеси Думада май айынын күн тартибине киргизилгенин билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG