13-майда Айыл чарба министринин орун басары Эрлан Нысанбаевдин Астанада кабарчыларга айтышынча, жейрендердин денесинен эч кандай жарааттын изи табылган эмес жана окуя тергелүүдө. Бир күн мурда Кустанай облусунун Амангелди районунда 100дөй сайгактын өлүгү табылган. Жейрендердин мүйүзүнөн Тибет жана Кытай элдик медицинасында дары-дармектер жасалары айтылат. Казакстандын кара базарында бир жейрендин мүйүзү орточо 80 доллар турат. Евразия талааларында, эсептөөлөргө караганда, 50 миңдей жейрен бар. Жаныбардын саны азайып бараткандыктан, жоголуу коркунучу бар айбанаттардын тизмесине киргизилген.
Казакстанда өлгөн жейрендердин саны миңге жетти
