Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Кыргызстанда гомофобия жана трансфобияга каршы жумалык өтүүдө


Кыргызстандагы сексуалдык азчылыктардын укугун коргогон уюмдар 11-майдан 17-майга чейин гомофобия жана трансфобияга каршы жумалык өткөрүп жатат. Бул иш-чара башка мамлекеттерде да белгиленүүдө. Анын алкагында ЛГБТ өкүлдөрү үчүн укуктук окутуулар, маданий кечелер болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулар кабарлады.

Жумалык 17-май – гомофобияга жана трансфобияга каршы эл аралык күнгө утурлай өткөрүлүүдө. 1990-жылы ушул күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кумсалык психикалык оору эместигин жарыялаган.

Кыргызстанда кумсалыкты үгүттөөгө каршы мыйзам долбоору даярдалып, Жогорку Кеңеш аны март айында кабыл алган. Эл аралык коомчулук буга адам укугун бузуу катары баа берүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG