Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:58

Өзбекстан менен Тажикстандын борбор калааларын байланыштырган авиакаттамды калыбына келтирүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр токтотулду. Каттамды жандантуу демилгесин тажик тарап көтөргөн, бирок жумуш ортолоп калганда өзбек тарап документтерде эл аралык нормаларга байланыштуу чекилик бар экенин айткан. Бул тууралуу Тажикстандын Унаа министрлиги кабарлады. Маалыматты “Өзбекстан аба жолдору” ишканасы да тастыктады.

Ташкент-Дүйшөмбү каттамы 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталган учурда токтотулган. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG