Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Ташиевдин соттолгондугу бүгүндөн тарта расмий жоюлду


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

30-апрелде Жалал-Абад шаардык соту Камчыбек Ташиевдин соттолгондугун жоюу тууралуу чечим кабыл алган. Ал чечим бүгүн күчүнө кирди.

Ташиев соттолгондугун жоюу боюнча арыз менен сотко өзү кайрылган. Сот камактан чыккандан кийинки эки жылда Ташиев кылмыш кылбагандыгын, Жалал-Абад облусунун Барпы айылынын элинин жана айылдык кеңештин 31 депутатынын кайрылуусун эске алып жогорудагыдай чечим чыгарган.

Мурдагы депутат, “Республика Ата Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев 2012-жылы күзүндө Бишкекте Кумтөр боюнча нааразылык акциясынан кийин бир канча адам менен Ак үйдүн тосмосун ашып өткөн болчу.

Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген негизде Ташиевге жана анын фракциялаштары - Садыр Жапаров менен Талант Мамытовго айып тагылып, 1,5 жылга абакка кесилишкен.

Бирок алар 8 ай тергөө абагында отурушкандыктан жаза мөөнөтүн өтөп бүттү деп эсептелип, эркиндикке чыгарылган. (МТо)

XS
SM
MD
LG