Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:54

Экотехинспекциянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекциянын тиешелүү кызматкерлери Бишкектин Манас-Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинде көп кабаттуу имаратты өзүм билемдик менен салынып жатышына тоскоолдук көрсөтүшкөн эмес.

“Аталган жер Бишкек шаардык муниципалдык башкармалыгы тарабынан Н.Ч. аттуу жаранга берилген. Мыйзам боюнча ал жерге көп кабаттуу имарат салууга болбойт. Инспекция кызматкерлери ал жердеги ишти көзөмөлдөп, мыйзамсыз курулушка жол бербеши керек эле” деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө.

Учурда Ленин райондук прокуратурасы 316- (Шалаакылык), 353- (Өзүм билемдик) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. (МТо)

XS
SM
MD
LG