Global Firepower аскердик-аналитикалык порталы түзгөн рейтингде кыргыз армиясы 126 өлкөнүн ичинен 78-орунду ээледи.
Рейтинг аскерлердин саны, алардын курал-жарак, аскердик техникалар менен камсыздалуу деңгээлине карап жүргүзүлгөн.
Андагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 16 миңден ашуун аскер кызматкери бар. 10 миң адам запаста турат. Ал эми 3 миллионго жакын жаран өлкөнүн жалпы мобилизациялык потенциалын түзөт.
Рейтингде Кыргызстандын 150 танкы, 438 чопкуттуу машинеси, 30 өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү, 159 артиллериялык куралы, 21 даана көп функционалдуу ракеталык системасы бар. Ошондой эле төрт транспорттук жана эки сокку уруучу тик учагы иштейт. Мындан тышкары Кыргызстандын аскердик бюджети 240 млн. доллар деп көрсөтүлгөн.
Рейтингдин башында АКШ, андан кийин Орусия, үчүнчүдө Кытай турат. Коңшу Тажикстан 81-орунду, Өзбекстан 54-орунду, Казакстан 66-орунду ээледи. (МТо)