Бул тууралуу эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Евразия экономикалык аймагына кирген өлкөлөрдүн парламенттери документтер топтомун ратификацияласа, мигранттардын патент, экзамен тапшыруу өңдүү маселелери жоюлат.
Ошондой эле Кыргызстандагы окуу жайлардын дипломдору ЕАЭБге кирген өлкөлөр ичинде жарактуу, биримдиктеги башка элдер Орусия жарандары сыяктуу эле ишке орношо алышат. Мындан тышкары биримдикке кирген өлкөлөргө 30 күн эч кандай уруксат кагазы жок эле кирип чыгууга мүмкүнчүлүк берилет.
“Учурда документтерди май айынын аягына чейин колдоп берүүнү Жогорку Кеңештен да, биримдиктеги өлкөлөрдүн парламенттеринен да өтүнүп жатабыз” деди Азыранкулов.
Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 8-майында расмий кирген. (КЕ)