Линктер

жекшемби, 28-май, 2017 Бишкек убактысы 07:22

Бишкекте орус тилин коргоого чакырган митинг өттү


Ак үйдүн алдында өткөн митингге беш адам чыкты. Алар “Орус тилин коргойбуз”, “Орус тили бажы биримдигинин тили”, “Кыргыз тилин орус тили менен бирге өнүктүрүү керек” деген аталыштагы плакаттарды кармап алышкан.

“Кыргызстанда эки тил өнүгүшү зарыл. Кыргыз тилин орус тилин басмырлоо аркылуу эмес, орус тили менен биргеликте өнүктүрүү керек” деди акцияны уюштуруучулардын бири Игорь Трофимов.

Трофимов буга чейин да бир нече жолу ашкере орусиячыл маанайдагы акцияларды өткөрүп келген (МТо)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG