Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Кабулдагы чабуулда өлгөн 14 адамдын алтоо чет элдиктер


Park Place мейманканасындагы конкоктордун ичинде маданий кечеде ырдаганы келген атактуу ооган өнөрпозу Алтаф Хусейн(ортодо) да болгон. Ырчы камоодон куткарылгандан кийин. 14-май 2015.
Park Place мейманканасындагы конкоктордун ичинде маданий кечеде ырдаганы келген атактуу ооган өнөрпозу Алтаф Хусейн(ортодо) да болгон. Ырчы камоодон куткарылгандан кийин. 14-май 2015.

Талиптер Кабулдагы конок үйүнө 13-майда түндө жасаган чабуулда өлгөндөрдүн саны 14кө жетти, жарадарлар жетөө деп билдирди БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясы. Полиция акими Абул Рахман Рахиминин айтымында, чабуулда өлгөндөрдүн төртөө Индия, бирөө АКШ, бирөө Италия жараны. Калган 54 конок, анын ичинде 45 чет элдик аман-эсен. Үч жанкечти белиндеги бомбаларын жара электе жок кылган. “Чабуул кандай башталганын иликтеп жатабыз. Себеби, чабуул мурдагыдай дарбазада бомба жардыруу же күзөтчүлөрдү өлтүрүү менен башталган жок. Ал мейманкананын ичинде башталды,”-деди генерал Рахими.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид “Азаттык” радиосуна чабуулду алар уюштурганын кабарлады.

Бул окуя Кабул конок үйүнө жана ресторанга талиптер былтыр жасаган чабуулга окшош экени айтылат.

XS
SM
MD
LG