Алар Мянманын рохинжа мусулмандары жана бангладештиктер түшкөн кеме 13-майда Пенган штатында кармалган. Качкындар азык-түлүк менен камсыздалып, кеме артка жөнөтүлгөн. Андан 1 күн мурда Лагкави аралына 1 миңден ашык качкын келип түшкөн эле. "Малайзия качкындардын баарын өзүнө батыра албайт, алар адамгерчилик менен кайтарылды", деп түшүндүрдү ички иштер министринин орун басары Жунаиди Жаафар.
Буга чейин Индонезия мигранттар түшкөн кемени жээгинен артка айдаганда, ал Малайзияга багыт алганы кабарланган.