Кыргызстанда 16-майда күндүз жана 17-майда мезгили-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.
Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Эртең, 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө 11....16, 25....30
Талас өрөөнүндө 10...15, 24...29
Ош, Жалал-Абад 12...17, 25...30
Баткен облусунда 6...11, 24...29
Ысык-Көл облусунда 6...11, 17...22
Нарын облусунда 4...9, 16...21
Бишкекте 15-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15....17 градус, күндүз 28....30 градус жылуу болот.