Өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчылыгына Чолпон Сулайманова дайындалды. Тийиштүү буйрукка бүгүн, 14-майда кол коюлду.
Сулайманова буга чейин экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин басма сөз катчысы болгон. Аталган бөлүмдүн мурдагы башчысы Гүлнура Төралиева өз каалоосу менен жумуштан бошогон. (SE)