“Чөлкөмдө түзүлгөн жагдайга байланыштуу Балтика мамлекеттеринин коргонуу боюнча башчылары коргонуунун чарасы катары өз өлкөлөрүнө чоңдугу НАТОнун бригадасындай бир бөлүктү жайгаштырууну альянстын Европадагы башкомандачысынан сурайт”, - деп билдирди 14-майда Литванын куралдуу күчтөрүнүн башчысынын өкүлү Миндаугас Неймонтас.
НАТОнун бир бригадасында орточо 3 миңден 5 миңге чейин аскер болот.
НATO ушу тапта Литва, Латвия, Эстония, Польша, Румыния жана Болгарияда чөлкөмдүк командалык жана көзөмөлдөө борборлорун курууда. Бирок НАТО 1997-жылы Орусия менен түзүлгөн келишимге ылайык альянстын чыгыш мүчөлөрүнүн территориясында олуттуу сандагы күжүрмөн аскер бөлүктөрдү туруктуу жайгаштырбоосу керек.