Парламент Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча документтерди ратификациялоо жараянын эмки жумада баштайт. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов бейшемби күнү өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, ратификация боюнча маселе Жогорку Кеңештин 20-майдагы жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилди.
Ал эми өкмөт башчы Темир Сариев документтер кол койдуруу үчүн президенттин кароосуна июндун башында жөнөтүлөрүн айтты. Андан сырткары, биримдикке мүчө башка мамлекеттердин парламенттерине да Кыргызстандын уюмга кошулуу келишимин эртерээк ратификациялоо өүнүчү берилет.
Быйыл 8-майда Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүнүн шарттарын караган соңку документтерге кол коюлган. Аны парламенттер ратификация кылгандан кийин гана Бишкек уюмдун толук кандуу мүчөсү болот. (SE)