Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Үч жана төрт эгиз балалуу энелерге белек берүү акциясы жүрүп жатат


Төрт эм төрөгөн айымдардын катарында бишкектик Гүлайым Абдылдаева да бар. 9-апрель, 2015-жыл.
Төрт эм төрөгөн айымдардын катарында бишкектик Гүлайым Абдылдаева да бар. 9-апрель, 2015-жыл.

Энелер күнүнүн урматына “Үч эм жана төрт эм төрөгөн апаларга белек” аттуу акция жүрүп жатат. 15-апрелде башталган иш-чаранын уюштуруучулары акыркы жети жылда эгиз төрөгөн жети аялга белек-бечкек даярдашты.

Демилгечи, журналист Салтанат Асанбекова билдиргендей, белектерди активисттер өз акчасына сатып алышкан. Үч же төрт эм төрөгөн аялдарды жарыялар, социалдык тармактардагы маалыматтар аркылуу табышкан. Белектерди тапшыруу салтанаты 17-майда Бишкектеги “Таш-Рабат” эс алуу жайында өтөт.

Кыргызстанда Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл бул күн 17-майга туш келет. (SE)

XS
SM
MD
LG