Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:29

“Ислам мамлекети” тобунун лидери билдирүү таратты


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдадинин үнү жазылган жарым сааттык аудио билдирүү интернетке 14-майда чыкты. Анда Ирак менен Сириянын айрым аймактарында өзүн башкаруучу деп жарыялаган топко кошулуу үчүн мусулмандарга чакырык жасалган. Ошондой эле ал Ирактын Анбар провинциясынан качып, өкмөт көзөмөлдөп жаткан аймактарга барып башпаанек алган суннит мусулмандарын сындаган.

Ал-Багдади акыркы ирет 2014-жылдын ноябрында ушундай аудио билдирүү жасаган болчу.

Өткөн жылы Америка Кошмо Штаттары өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган тобунун биринчи лидери Абу Бакр ал-Багдадинин башы үчүн 10 миллион доллар убада кылган. (SE)

XS
SM
MD
LG