Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Кара-Кулжада үйлөргө чагылган тийди


14-май күнү түнкү саат үчтөр чамасында Кара-Кулжа районундагы Биринчи Май айылынын тургуну Бакыт Култумушовдун үйүнө чагылган тийди. Натыйжада үйдүн жана ашкананын 190 метрлик электр өткөргүчтөрү күйүп, дубалга жарака кеткен. Бир бөлмөнүн эшиги жана терезелери бузулган.

Ушул эле айылдын дагы бир тургуну Абдылдабек Тагаевдин үйүнө чагылган тийип, электр линиялар үзүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. (SE)

XS
SM
MD
LG