Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Ош шаардык соту үч уюмду террордук деп тапты


Ош шаардык соту облустук прокуратуранын «Фронтан-Нусри» же «Жабахат-ан-Нусра», «Катибат ал-Имам ал-Бухари», «Жаннат ашыктары" аттуу уюмдарды террордук деп таанып, алардын Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салуу боюнча арызын канааттандырды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратурадан кабарлашты.

"Бул уюмдар 2006-жылы Иракта уюшулган, алар башында "ал-Каида" турган 11 радикалдык топко кошулуу жолу менен Сирия-Ирак аймагында согушуп жаткан террордук бирикмелерге Кыргызстандын аймагынан жарандарды тартуу жана жөнөтүү иштери менен шугулданганы аныкталды", - деп айтылат башкы көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан буга чейин "Ислам мамлекети" радикалдык тобуна да ушундай эле тыюу салынган.

Ушуну менен Кыргызстанда тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын саны 15ке жетип калды. Буга чейин «Хизб ут-Тахрир», «Түркстанды бошотуу», «Чыгыш Түркстан ислам партиясы», «Түркстан ислам кыймылы», «Өзбекстан ислам кыймылы», «ал-Каида», «Талибан», «Күртстан Элдик Конгресси» жана «Жихад топтору» сыяктуу уюмдарга тыюу салынган эле.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG