Журналист Елена Милашина өмүрүнөн кооптонуп, 14-майда Чеченстандан чыгып кетти.
“Новая Газетанын” кабарчысы 17 жаштагы кыз райондук полициянын зардалына экинчи аял болуп күйөөгө чыкканга мажбурланганын жазган эле.
60 жаштагы күйөө Нажуд Гучигов кызын бербесе, анын ата-энесин жөн калтырбайм деп коркуткан. Бул макаладан кийин журналист полициядан окуяны “андан ары иликтечү болбо” деп эскерткен кат алганын бейөкмөттүк “Новая Газета” кабарлады. Кремл колдогон чечен президенти Кадыров селкинин ата-энеси никени колдоду деп, Гучиговду коргоп чыкты.
Орусиянын мыйзамдары көп аял алууга, бойго жете элек кыздарга үйлөнүүгө жана күчтөп никелешүүгө тыюу салат.