Украинанын “Днепр” футбол командасы Европа лигасынын финалына чыкты. 14-майда Киевде болгон таймашта “Днепр” Италиянын “Наполи” клубун 1:0 эсебинде утту. Алдыңкы оюнда эсеп 1:1 болгон. Днепропетровскилик футболчулар 27-майда Варшавада болчу финалдык оюнда Испаниянын “Севилья” командасы менен беттешет. “Севилья” Евролиганын былтыркы чемпиону. Ал Италиянын “Фиорентина” клубун эки беттештин жыйынтыгында 5:0 эсебинде жеңди.
Бул украиналыктардын Евролиганын финалына биринчи жолу чыгышы.