Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:34

Индонезияга дагы 800 качкын баш паанек издеп келди

Мянмарлык жана бангладештик качкындар. Ачех провинциясы. 13-май 2015.
Мянмарлык жана бангладештик качкындар. Ачех провинциясы. 13-май 2015.

Индонезиянын Суматра аралындагы Ачех провинциясына 800дөй качкын келип түштү. Мянмар жана бангладештик 794 качкын түшкөн кеме 15-майда эртең менен кармалып, жээкке чыгарылганы расмий маалымдалды. 10-майда да Индонезиянын жээгине 600 чамалуу мигрант түшкөн кеме келип токтогон.

14-майда Малайзия 500дөн ашуун качкын түшкөн кемени арта кайтарган. Алар Мянманын рохинжа мусулмандары жана бангладештиктер болчу. БУУнун өтүнүчүнө карабай, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү мигранттар түшкөн кемелерди жээгине жолотпогонго аракет кылышат.

XS
SM
MD
LG