16-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен областарынын көпчүлүк аймактарында нөөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Баткен областында 12... 17; 22... 27
Ош, Жалал-Абад областтарынын дыйканчылык аймактарында 13...18; 24...29
Талас өрөөнүндө 12...17; 22...27
Ысык-Көл областында 8...13; 18...23
Нарын областында 6...11; 18...23
Чүй өрөөнүндө 14...19; 24...29
Ордо калаа Бишкекте 16-майда түнкүсүн жана түшкө чейин жаан-чачын күтүлбөйт, түштөн кийин нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16...18 градус, күндүз 26...28 градус ысык болот.