Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Кара-Жыгач Байтик жана Лебединовка айылдарына караштуу жер тилкелерин мыйзам чегинде сатып алган. Бул тууралуу депутаттын уулу Аман Самаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 2007-2008-жылдары депутат ишкер болчу.
“Кылмыш иши саясий буюрутмабы өзүбүз түшүнбөй жатабыз”, - деди Аман Самаков.
Карганбек Самаков бүгүн кечинде УКМКнын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Мындай маалыматты Башкы прокуратурадан тастыкташты. Маалыматка ылайык, Самаковго 2007-2008-жылдары Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алганы үчүн Кылмыш кодексинин “коррупция” беренеси боюнча иш козголгон.(BkA/UEz)