Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:31

Горбачев: 1985-жылы антиалкоголдук кампания туура эмес жүргүзүлгөн


Мурдагы СССРдин лидери М. Горбачев
Мурдагы СССРдин лидери М. Горбачев

Михаил Горбачев 1985-жылы антиалкоголдук кампания туура эмес жүргүзүлгөнүн мойнуна алды. Мурдагы СССРдин президенти Горбачевдун “Комсомольская правда” гезитине айтышынча, өнөктүк “адамдарды башына балта ургандай” жүргүзүлгөн.

"Антиалкоголдук өнөктүктү акырындап жана пландуу жүргүзүш керек болчу", дейт бул кампаниянын 30 жылдыгы алдында курган маегинде. Горбаев бийликке келгенден эки айдан кийин 16-майда башталган антиалкоголдук күрөш маалында арак-шарап сатууга чектөө киргизилип, адамдар самогон жасабоосу үчүн шекер карточка менен берилген. Көптөгөн жүзүмзарлар кыйылып, жок кылынган. Бюджет миллиарддаган сомду жоготкон.

XS
SM
MD
LG