Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Балдардын эл аралык ишеним телефон күнү белгиленет


Балдардын укугун коргоо лигасынын демилгеси менен 17-майда Бишкекте Балдардын эл аралык ишеним телефон күнү белгиленет. Аны уюштуруп жаткан "Балдар укугун коргоо лигасы" уюмунан кабарлашкандай, дүйнөдө зордук-зомбулукка кабылган 30 миллиондон ашуун бала жыл сайын эл аралык ишеним телефонуна чалып, жардам сурайт.

"Эл аралык ишеним телефону" уюмунун офиси Амстердамда жайгашкан. Номуру +31 20 528 96 25. Чалуулар жөнүндөгү маалымат түз эле ЮНИСЕФ уюмуна берилет.

Кыргызстандан азырынча чалуу мүмкүнчүлүгү жок. Жакын арада бул маселе чечилерин укук коргоочулар айтышты.

Бишкекте өтө турган иш-чарада студенттер жана ыктыярдуу топтор тарабынан футболдук оюндар жана балдар үчүн түрдүү сынактар өткөрүлүп, белектер берилет. Майрамга келген балдарга зордук-зомбулукту алдын алуу жана ишеним телефондору тууралуу маалымат берилет.

Кыргызстандын өзүндө да балдар үчүн ишеним телефондору уюштурулган эмес. (BCh)

XS
SM
MD
LG