Шаршембиде өзбек чек арачыларынын колуна түшкөн Аксы районунун тургуну бошотулду.
15-май күнү райондун Сазык айылынын тургунуна таандык 113 кой чек арадан өтүп, коңшу өлкөгө кирип кеткен. Жандыктардын артынан барган чабан да чек араны кесип өткөн учурда аскерлер тарабынан кармалган.
Эки тараптын Чек ара кызматтарынын ортосунда жүргөн сүйлөшүүлөрдөн соң чабан да, анын койлору да Кыргызстанга өткөрүлдү. Бирок кой ээсине Административдик кодекске ылайык айыппул салынганын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. (SE)