Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:36

Аба ырайы: чукул эскертүү


18-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жамгырга байланыштуу тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымал. Дарыяларда сууну деңгээли көтөрүлөт.

17-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Күндүз абанын температурасы кескин төмөндөп, айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 16...21,

Талас жергесинде түнкүсүн 0...5, күндүз 12...17,

Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 16...21,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11...16, күндүз 18...23,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 7...12, күндүз 15...20,

Нарында түнкүсүн 4...9, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6 градус болот.

Бишкек шаарында нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн 13…15, күндүз 18…20 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG