Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Самаковдун тарапкерлери прокуратура өкүлдөрү менен жолукту


Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковдун бошотулушун талап кылып, тынчтык митингине чыккандардын айрым өкүлдөрү башкы прокурордун орун басары Кылычбек Токтогулов жана Тергөө башкармалыгынын башчысы Мирбек Расулов менен жолугушту.

Бишкекте Башкы прокуратуранын жанында депутаттын бошотулушун талап кылгандардын акциясы уланууда. Ага уюштуруучулардын айтымында беш жүздөн ашуун адам катышып жатат. Абалды милиция көзөмөлгө алган.

Акцияга чыккандардын колдорунда Самаковду бошотууну талап кылган жазуулар бар.

Карганбек Самаков 15-май күнү УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Бишкектин айланасындагы 260 гектардан ашык жерди мыйзамсыз менчиктеп алган деп Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси боюнча иш козголгон.

Анын жакындары буга чейин тергөөгө чакыруу келген эместигин айтып, Самаковдун кармалышын саясий буйрутма катары сыпаттоодо. Ал эми башкы көзөмөл органы баары мыйзам чегинде жүрүп жатканын белгилеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG