Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Искандаров Өзбекстанга жер сатылып кеткени тууралуу маалыматты төгүндөдү


Оштун Араван районунда 400 гектарга жакын жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу кабарды өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров төгүндөдү. “Азаттык” радиосуна курган маегинде Искандаров бул маалымат чек ара маселесин толук билбеген адамдар тарабынан тарап кеткенин билдирди.

- Араван району Өзбекстан менен 131 км чектешет. Бүгүнкү күндө анын 105 км такталып бүткөн. Учурда Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп, бул участок такталып жатат,- деди өкмөт өкүлү.

Араванда 400 гектардай жер Өзбекстанга сатылып кеткени тууралуу жакында маалымат тарап, коомчулук арасында кызуу талкууланып жаткан болчу. (SE)

XS
SM
MD
LG