Кыргызстандын 23 жашка чейинки футбол боюнча олимпиадалык курамасы бүгүн 2016-жылы өтө турган Азия чемпиондугунун тандоо турунда алгачкы беттешти өткөрөт. Анда Кувейт курамасы менен күч сынашмакчы. Оюн Бириккен Араб Эмирлигинин Ал-Айн шаарындагы Al Qattara стадионунда Бишкек убактысы боюнча саат 23:15те башталат.
Тандоо турунда Кыргызстан В тайпасында ойноп, Кувейт, Иордания жана Пакистан курамалары менен беттешери мурда кабарланган. Иордания менен 18-майда, Пакистан менен 20-майда футбол талаасына түшүшөт.
Азия өлкөлөрүнүн олимпиадалык курамалары 10 тайпага бөлүнүп Азия чемпиондугунун финалына жолдомо алуу үчүн мелдешүүдө.
Тайпада биринчи орунду алган 10 команда жана эң жакшы көрсөткүчтү камсыздаган 5 курамага 2016-жылы Катарда боло турган финалдык таймашка жолдомо берилет. Буга чейин 9 тайпанын жеңүүчүлөрү аныкталган. (ECh)