Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

Кордук көргөн Ибрагим кайрадан дарыланат


Январь айында атасынын бир тууганы тарабынан зордукталып, катуу сабалган абалда ооруканага түшкөн эки жашар Ибрагимдин абалы азыр жакшы. “Балдардын укугун коргоо лигасынын” төрайымы Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, учурда аны өгөй апасы жана шарттуу түрдө мөөнөтүн өтөп жаткан өзүнүн атасы багууда. Бала азыр жылмайып, атынан чакырса реакция кылып, канааттандырарлык тамактанууда.

Кайрымдуулук уюмдары тарабынан чогулган каражатка ага тамак-аш сатып алынып, ооруканаларга такси менен алып барып келүүгө акча жумшалууда. Наристе эми кайрадан ооруканага жаткырылып, жакында кошумча дарылоо курсунан өтмөй болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG