Египетте сот мурдагы президент Мухаммед Мурси жана “Мусулман агайындар” кыймылынын жүздөн ашуун мүчөсүн өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыгарды.
Мурси жана анын тарапкерлерине 2001-жылы абакта жаткандарды качырган деп айып тагылды. Өкүмдү 16-май күнү Каир соту чыгарды. Жаза аткарылардан мурда Египет муфтийинин пикири угулат.
Мурси мамлекетте өткөн алгачкы эркин шайлоодо ийгиликке жеткен. Бирок 2013-жылы тактыдан кулатылган.
Өткөн айда Мурсиге жана "Мусулман агайындар” кыймылынын өкүлдөрүнө 2012-жылдын декабрь айында президенттин сарайынын алдына чыккан оппозициячыл демонстранттарды өлтүрүүгө шыкакчы болгон деген айып тагылып, 20 жылга кесилген эле. (SE)