Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Пристань-Пржевальск айылындагы имараттар талашка түштү


Пристань-Пржевальск айылындагы Маданият үйү.
Пристань-Пржевальск айылындагы Маданият үйү.

Каракол шаарына караштуу Пристань-Пржевальск кыштагында совет доорунан калган социалдык мекемелерди Евгений Ахмедов аттуу адам менчиктештирип, четинен сатып жатканын айыл тургундары “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакча, мектеп, маданият үйү, бейтапкана, “Улан” заводунун карамагындагы барак тибиндеги 8 үй жана турак жай коммуналдык чарбасына таандык имараттар аталган жарандын менчигине өткөн. Айыл тургундары Ахмедов аларды бузуп, сатып жатканына нааразы. Алардын айтымында, бейтапкананы Каракол шаардык үй-бүлөлүк медицина борбору ижарага алып иштетет.

Ахмедов айыл тургундарынын айтканын куру доомат деп, имараттар 1995-жылы мыйзамдуу түрдө менчиктештирилгенин айтты.

Буга чейин Мамлекеттик мүлк фонду аталган айылдагы социалдык мекемелер жеке колго мыйзамсыз өткөнүн аныктап, “Улан” акционердик коомуна таандык имараттар муниципалдык менчикке өткөрүлүшү тийиш деп чечим чыгарган. (ASa)

XS
SM
MD
LG