Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:49

“Ак илбирс”: “Курманжан датка” сегиз багыт боюнча мыкты аталды


"Курманжан датка" фильминен.
"Курманжан датка" фильминен.

Улуттук “Ак илбирс” киносыйлыгынын ээлери 16-май күнү Бишкектеги "Манас" кинотеатрында аныкталды. 2014-жылдагы тасмаларды электен өткөргөн сынакка быйыл “Борбор Азиянын мыкты тасмасы” жана “Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” деген эки номинация да кошулган.

“Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн” багыты боюнча сыйлыкка Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, “Хамза” мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, режиссер жана сцеранист Али Хамраев татыктуу болду. Кыргызстандык көрүүчүлөр аны “Жетинчи ок” жана “Жансакчы” аттуу тасмалары аркылуу билишет.

“Борбор Азиянын мыкты тасмасы” номинациясы казак режиссеру Адилхан Ержановго «Үй ээси» тасмасы үчүн берилди.

“Курманжан датка” тарыхый тасмасы 8 багытта мыкты аталды. Тагыраак айтканда, "Мыкты режиссёрлук иш", "Мыкты сценарий", "Мыкты оператор", “Мыкты композитор”, "Мыкты үн режиссёру", "Мыкты монтаж", "Мыкты мырза ролу" жана "Мыкты айым ролу" багытындагы сыйлыктарды режиссер Садык Шер Нияз тарткан “Курманжан датканын” чыгармачыл тобу алды.

"Мыкты даректүү тасма" номинациясы Аманбек Ажыматтын "Физрук, алтын жана дарыя" аттуу фильмине берилди. "Мыкты кыска метраждуу тасма" Чолпонай Бөрүбаеванын "Топурак" фильмине ыйгарылды.

"Мыкты сүрөтчү" сыйлыгы Төлгөбек Койчумановдун "Аку" тасмасы үчүн тапшырылды. Ал эми улуттук кино тармагына зор салым кошкон үчүн Сагынбек Ишенов атайын сыйлык алды. (ZA)

XS
SM
MD
LG