Борбор калаа Варшавада Крым татарларынын сталиндик депортациясынын 71 жылдыгына карата демонстрация болуп өттү. Жүз чамалуу поляктар, украиндер, беларустар борбордук аянтка чогулуп, Украинага тилектештиктерин билдиришти.
Ал эми аянттын дагы бир жеринде Украинага жардам бербөөгө чакырган митинг болду. Алардын арасында Орусиянын желегин кармагандар да жүрдү.
Орусия аннексиялап алган Крымда расмий бийлик татарларга крым элинин депортацияланышынын 71 жылдыгын белгилөөгө тыюу салды.
1944-жылы 200 миңден көп крым татары жарым аралдан сүргүнгө айдалган.