Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

"Жогорку Нарын" каскады үчүн жер бөлүүнү тездетүү талабы коюлду


Кыргыз өкмөтү “Жогорку Нарын” ГЭСтер каскадын курууга берилүүчү жерди чектөөнү тездетүүгө тийиш. Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин такай көзөмөлүндө болору бүгүн парламенттин эл аралык иштер комитетинин Нарында өткөн көчмө жыйынында айтылды.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, депутаттар стратегиялык маанидеги бул объекттин курулуш сапатына өзгөчө көӊүл буруу, анын алгачкы агрегатын өз мөөнөтүндө ишке киргизүү зарылдыгын айтышты.

“Жогорку Нарын” ГЭСтер каскады чакан төрт ГЭСтен турат, жалпы кубаттуулугу 238 МВт. Жылына 942 млн кВт·саат электр иштеп чыгууга жөндөмдүү болот. Алгачкы агрегат 2016-жылы ишке киргизилип, 2019-жылы толугу менен аяктоого тийиш. Долбоордун жалпы наркы 727 млн доллар деп бааланган. Каржылоо милдетин толугу менен орус тарап өз моюнуна алган, ал эми кыргыз тарап жер менен камсыз кылууга тийиш.

Бирок Орусиядагы былтыр башталган экономикалык жана каржы кризисине байланыштуу долбоордун келечегинен күмөн санаган серепчилер бар. (RK)

XS
SM
MD
LG