Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Өлкө жетекчилиги Эгембердиевди эскерүүдө


"Табылды Эгембердиев өңү, баскан-турганы, башкаларга жасаган мамилеси менен, ойлогон ою менен нукура Кыргыз эле. Сөзү эмес, иши менен Мекенинин экономикасына, беделине, мамлекеттүүлүгү менен эгемендигинин чыңдалышына салымын кошкон ар кырдуу инсан катары баарыбызга өрнөк", - деп айтылат мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев баштаган өлкө жетекчилеринин Эгембердиев тууралуу бүгүн жарыяланган некрологунда.

​Белгилүү коомдук ишмер, “Шоро” компаниясынын негиздөөчүсү, айтылуу публицист Табылды Эгембердиев 16-майда узак оорудан кийин 64 жашында дүйнөдөн кайтты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-майда Бишкектин четиндеги "Супара" комплексинде өтөт, сөөгү Беш-Күңгөй айылынын көрүстөнүнө коюлат. (RK)

XS
SM
MD
LG