Кечээ кечинде Жалал-Абаддын Аксы районунда күчү 3-4 баллдык жер титирөө катталганын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Ак-Там, Кашка-Суу, Жаңы-Айыл, Кербен айылдарында жердин силкинүүсү 3-4 балл, Ак-Коргондо 2-3 балл болуп сезилди.
Алдын ала маалымат боюнча, адам өмүрүнө зыян тийген жок, кыйроолор катталган жок. (RK)