Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:27

"Замандаштын" беш мүчөсү партиядан чыгарын жарыялады


"Замандаштын" беш мүчөсү бул партиядан чыгуу жөнүндө арызын жазды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" аталган партиядан кабарлашты.

«Замандаштан» чыгуу ниетин Любовь Ардамина, Станислав Епифанцев, Григорий Зозуля, Александр Степанюк жана Галина Кетова "башында макулдашылган шарттар аткарылбай жатканы" менен түшүндүрүүдө.

​Любовь Ардамина менен Станислав Епифанцев Бишкек шаардык кеңешинде депутат.

Партия жетекчилиги бул боюнча азырынча позициясын айта элек.

Маркум Мухтар Өмүракунов Орусияда жана Казакстанда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын укугун коргоо максатында негиздеген "Замандаш" партиясы кийин "Замандаш-Современник" деп аталып, ага жаңы мүчөлөр кошулган. (RK)

XS
SM
MD
LG